Кыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп бердиКРда акчаны адалдоо үчүн 1 миллион сом айып салуу жана фирмаларды жабуу сунушталууда
Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу токтотулат
25.12.2025 | 10:56

Бүгүн, 25-декабрда, саат 10:00дөн түнкү саат 12:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектешет:
- “Арча-Бешик” конушунун түштүк бөлүгү, Селекция.
- Семетей көчөсү
- Д. Садырбаев көчөсү
- Жайыл Батыр көчөсү
- Селекционная көчөсү
- Арча-Бешик көчөсү
- Күйүков көчөсү
- Жал айылынын унаа жолу.
Суу түтүк линиясындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу токтотулат.
“Бишкексууканал” ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурап, тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом