Казакстандын президенти ГЭСти биргелешип курууну колдоду

21.07.2022 | 15:57

Казакстан Борбордук Азияда трансчегаралык дарыялардын суу ресурстарын өз ара пайдалануу үчүн биргелешкен гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани берет. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди.

Мындай позицияны Казак башчысы бүгүн, 21-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунда билдирди.

Токаевдин айтымында, биргелешкен гидродолбоорлорду ишке ашыруу жагынан Кыргызстанда Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоору кызуу талкууланууда.

«ГЭС Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдейт, айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүү үчүн шарттарды жакшыртат», – деп белгиледи Токаев.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын май айынын аягында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушуунун жыйынтыгында Касым-Жоомарт Токаев да маанилүү ГЭСтерди биргелешип ишке ашырууну колдоорун билдирген. Анда Токаев Казакстан Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга катышууну пландап жатканын билдирди.

Scroll to Top