Бишкек абанын булганышы боюнча 13-орунду ээледиКышкы каникул расмий түрдө 12-январга чейин узартылдыПрезидент эмдиги жылы апрелден тарта айлык акылар көбөйтүлөрүн айттыСаламаттык сактоо министрлиги бейтапканалардагы узун кезектин себебин түшүндүрдүЕАЭБ менен Индонезия эркин соода жөнүндө келишимге кол коюштуАрашан айылынын информатика мугалими балдарды санариптик келечекке кантип даярдап жатат
Икрамжан Илмиянов абактан чыкты
28.07.2022 | 10:25
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов абактан чыкты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Икрамжан Илмиянов абактан 2021-жылдын 1-декабрында жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүктөн, соттун чечими менен чыккан. Ага карата мунапыс колдонулган.
Эскерте кетсек, Илмиянов 2019-жылдын октябрь айында «Дизель комплект» компаниясынан 150 млн доллар алууга күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат