ИИМдин Атайын багыттагы полкунун атайын техникалары күндүн ысык аптабында Бишкек шаарынын бак-дарактарына жана көчөлөрүнө суу чачууда. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мунун алар Бишкек шаарынын жашоочуларына жана конокторуна жагымдуу маанай тартулоодо. Милиция кызматкерлери тарабынан колго алынган бул ишти жарандар жылуу кабыл алууда.