Кыргызстанда кумаркана ачуу үчүн лицензиянын баасы канча болот?

Кыргызстанда кумаркана ачуу үчүн лицензиянын баасы канча болот?

Кыргызстанда кумаркана ачуу үчүн лицензиянын баасы 10,5 млн сомдон 84,5 млн сомго чейин турушу мүмкүн. Тиешелүү токтом долбоор 27-июлда коомдук талкууга чыгарылды.

Токтом долбоорго ылайык, республикалык маанидеги шаарлардагы казино, онлайн казино, электрондук (виртуалдык) казинолор үчүн лицензиянын акысы 84 млн сом деп белгиленүүдө. Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы казино, онлайн казино, электрондук (виртуалдык) казинолор үчүн 42 млн сом, Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарында 25,2 млн сом деп белгилөө сунушталууда.

Ал эми оюн-зоок автоматтар залдары үчүн лицензия 42 млн сом, букмекердик конторалар, лотереялар үчүн 10,5 млн сом болушу мүмкүн.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда кумаркана ачууга уруксат берүүчү мыйзамга президент 30-июнда кол койгон. Мыйзамдын демилгечилери билдиргендей, Кыргызстанда кумаркананы юридикалык жактар (ЖЧК жана ЖАК) гана ача алат. Кумарканаларга Кыргызстандын жарандары киргизилбейт. Андай мыйзам бузуулар болгон учурда кумаркана ээлеринин лицензиясы алынат.

Аталган мыйзам коомчулуктун колдоосун тапкан эмес. Кумаркананын ачылышына каршы болгондор Бишкекте жана аймактарда митингге чыгышкан. Алардын айтымында, кумарканалар мыйзамсыз уурдалган акчаларды адалдаштыруу үчүн колдонулушу мүмкүн.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: кумаркана

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>