Өзбекстанда кургакчылык менен күрөшүү үчүн Айыл чарба илимдер академиясы түзүлдүБишкекте венгер түркологуна мемориалдык такта орнотулатАлмаз Бакетаев каржы министри кызматынан кетип, Улуттук банктын төрагасы болуп шайландыӨкмөт ата мекендик зергерлер үчүн баалуу металлдарды сатуу тартибин бекиттиМандатын тапшыргандардын ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келдиЖогорку Кеңештин депутаттарынын трибунадан сүйлөөсү чектелет
Экс-депутатка тийиштүү пансионаттын саркынды суулары көлгө агууда
28.07.2022 | 16:54
Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан “Асыл-Таш” жана “Би-Транс” пансионаттарынын саркынды суулары көлгө агууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.
Алардын айтымында, эс алуучу жайлардын саркынды сууларды тазалоочу курулмасы толуп, суулар ташып жатат.
“Саркынды сууларды топтоочу жай толгондон кийин, алар сууларды сордуруп, токойдун арасына куюп жатышат. Андан ары суулар көлгө куюлуп жатат”, – дешти алар.

Белгилей кетсек, “Би-Транс” пансионаты Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныш Кудайбергеновго таандык.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом