Кара-Балта шаарына жаңы мэр дайындалдыБишкекте ар дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкелери өткөрүлөтМамлекеттик банктар санкциялык тобокелдиги бар 284 ишкана менен кызматташууну токтотту«Тамчы» СФИТи Гонконгдо NextFinance демилгесин тааныштырдыТоварлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын турукташтырууга 36,6 млрд сом талап кылынатМанас шаарынын 149 жылдыгы белгиленди
Сом бардык валюталарга карата арзандады
28.07.2022 | 17:04
Кыргызстандын Улуттук банкы 29-июлга карата валюталардын сомго карата курсун жарыялады.
Жаңыланган курс боюнча сом өнөктөш өлкөлөрдүн бардык валюталарына карата арзандады. Евро 1,56%га кымбаттап, 84,8233 сомду, доллар 0,85%га жогорулап, 83,07 сомду түздү.
Белгилей кетсек, америкалык валютанын расмий курсу май айынын ортосунан бери биринчи жолу 83 сомдон жогору көтөрүлгөн.
Кошумчалай кетсек, рубль менен теңге да сомго карата 0,11%га жогорулап, 1,3737 сомду жана 1,05%га, 0,1735 сомду түздү.

Рубрики: Жаңылыктар, Экономика