Экс-депутатка тийиштүү пансионаттын саркынды суулары көлгө агууда

Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан “Асыл-Таш” жана “Би-Транс” пансионаттарынын саркынды суулары көлгө агууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, эс алуучу жайлардын саркынды сууларды тазалоочу курулмасы толуп, суулар ташып жатат.

“Саркынды сууларды топтоочу жай толгондон кийин, алар сууларды сордуруп, токойдун арасына куюп жатышат. Андан ары суулар көлгө куюлуп жатат”, — дешти алар.

Белгилей кетсек, “Би-Транс” пансионаты Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныш Кудайбергеновго таандык.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: пансионат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>