Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Алга айыл өкмөтүнүн айрым кызмат адамдарына иш козголду
29.07.2022 | 09:08
Кадамжай районунун Алга айыл өкмөтүнүн айрым кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча козголгон.
“Алга айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Ж.Р., Алга айыл аймагынын Даш участкасынан Т.Э.Н. аттуу жаранга жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз токтом чыгаргандыгы кылмыш ишинин козголушуна негиздер болгон. Ошол эле учурда аталган жер тилкеси 2010-жылы М.Н.Т. аттуу жаранга турак жай куруу үчүн бөлүнүп берилгендиги аныктлган”, – деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом