Токтогулдагы жаңы мектеп окуу жылына чейин курулуп бүтөт

Токтогулдагы жаңы мектеп окуу жылына чейин курулуп бүтөт

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Сары-Камыш айылындагы жаңы мектептин курулушуна даярдык көрүү 86%ды түзөт.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан ички жасалгалоо иштери, сырткы фасад жана аймакты көрктөндүрүү иштери аяктоодо.

Эске салсак, 225 окуучу орундук долбоордук кубаттуулугу бар объекттин сметалык наркы 885 миң 190 АКШ долларын түзөт. Иштин бекитилген графигине ылайык, курулуш жаңы окуу жылына карата бүткөрүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: мектеп

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>