Кыргызстан менен Германия парламенттер аралык байланыштарды чыңдоодоБлогерлер Sary Kyz менен Argen Sigma Кыргызстанды таанытышатБишкекте жол кырсыгынан 22 жаштагы жөө жүргүнчү каза болдуFreedom Bank Kazakhstan Кыргызстанда банк ачуу пландарын токтоттуМамлекеттик кызмат Жапониянын стипендиялык программасына катышуучулардын аймагын кеңейтет«Эс алсын, дарылансын» Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматка келбей турганын билдирди
Ошто унаа уурдоого шектелип 21 жаштагы жигит кармалды
05.08.2022 | 13:48
Ош шаарында автоунаа уурдоого шектелип 21 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.
4-август күнү шаардык милицияга 47 жаштагы жаран кайрылып, белгисиз адамдар Daewoo Matiz унаасын уурдап кеткенин билдирген. Ал 3-август күнү саат 23:30да унаасын үйүнүн жанына токтотуп, бирок эртеси күнү унаасын койгон жеринен таппай калган.
Бул факт Жазык кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) боюнча каттоого алынган.
Ошол эле күнү унааны айдап кетүүгө шектелип Ош шаарынын 21 жаштагы К. С. аттуу тургуну унаа оңдоочу жайда кармалган. Ал унаанын тормозу бузулуп калгандыктан, аны оңдотууга алып келген.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом