Жапаров: Аялдарга, балдарга карата ырайымсыз мамиле боюнча соттук иштер катуу көзөмөлдөнүшү керек

Жапаров: Аялдарга, балдарга карата ырайымсыз мамиле боюнча соттук иштер катуу көзөмөлдөнүшү керек

«Аялдарга жана жашы жете электерге карата ырайымсыз мамиле боюнча соттук иштер  Жогорку Сот тарабынан катуу көзөмөлгө алынышы керек», — деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-августта, Жогорку Сотуна барып, судьялар менен жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы коомчулукта сот тутумуна нааразычылык жараткан көйгөйлөрдү талдап, аныктап, аларды чечүүдө жарандык коомдун өкүлдөрү менен диалог жүргүзүүчү аянтчалардын түзүү бүгүнкү күндүн талабына ылайык чечим экендигине көңүл бурду.

«Жарандык коомдун өкүлдөрүнөн качпастан, алар менен ийри отуруп түз кеңешип, биргелешип иш алып баруу сөзсүз жакшы жыйынтыктарды жаратат деп ишенем», — деди Садыр Жапаров.

Президент  баса белгилегендей, коомчулукта кызуу резонанс жараткан соттук иштер боюнча судьялардын чечимдери тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, так маалымат берип туруу – учурдун талабы.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>