Кызыл-Кыя шаарында 14 жаштагы Элдияр Кайымов изделип жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарынын Ленин көчөсүнүн 41 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган.
Анда ал 2008-жылы туулган уулу Кайымов Элдияр Таалайбековичти 20-июль күнү ажырашкан күйөөсү Кайымов Таалайбек түрдүү нерселер менен алдап, үйдөн алып чыгып кеткендигин билдирген.
Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБге катталып, текшерүү иштеринин жүрүшүндө атасы алып кетпегендиги белгилүү болду.
Өзгөчө белгилери: бою 165-170 см, кашы, көзү кара түстө, чачы кыска, кара тору жүздүү, акыл-эси соо.
Үйдөн кандай кийимде чыгып кеткендиги белгисиз.
Милиция эгерде Элдияр Кайымовду көргөндөр болсо (03657) 5-04-20, 0779 818 131 номурлары аркылуу же 102 кызматына кабарлап коюуну өтүнөт.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда