“Атасы алып кеткен”: Кызыл-Кыяда 14 жаштагы Элдияр изделүүдө

“Атасы алып кеткен”: Кызыл-Кыяда 14 жаштагы Элдияр изделүүдө

Кызыл-Кыя шаарында 14 жаштагы Элдияр Кайымов изделип жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарынын Ленин көчөсүнүн 41 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган.

Анда ал 2008-жылы туулган уулу Кайымов Элдияр Таалайбековичти 20-июль күнү ажырашкан күйөөсү Кайымов Таалайбек түрдүү нерселер менен алдап, үйдөн алып чыгып кеткендигин билдирген.

Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБге катталып, текшерүү иштеринин жүрүшүндө атасы алып кетпегендиги белгилүү болду.

Өзгөчө белгилери: бою 165-170 см, кашы, көзү кара түстө, чачы кыска, кара тору жүздүү, акыл-эси соо.

Үйдөн кандай кийимде чыгып кеткендиги белгисиз.

Милиция эгерде Элдияр Кайымовду көргөндөр болсо  (03657) 5-04-20, 0779 818 131 номурлары аркылуу же 102 кызматына кабарлап коюуну өтүнөт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: издөө

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>