Кыргызстанда маймыл чечек оорусуна чалдыккандар жок

Кыргызстанда маймыл чечек оорусуна чалдыккандар жок

Кыргызстанда маймыл чечек оорусуна чалдыккандар жок, деп билдирди 5-августта Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти.

Маймыл чечек вирусунун белгилери:

— ысытма, баш оору, булчуңдардын оорушу, белдин оорушу, лимфа бездери шишип, чыйрыгуу жана чарчоо;

-ыйлакчалар пайда болушу мүмкүн, көбүнчө бетте башталып, андан кийин дененин башка бөлүктөрүнө, анын ичинде жыныстык органдарга жайылат;

— ыйлакчалар өзгөрүп, ар кандай этаптардан өтөт жана акырында котур пайда болгонго чейин суу чечек же сифилис сыяктуу көрүнүшү мүмкүн, ал кийинчерээк түшүп калат;

Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб “үй-бүлөлүк дарыгериңизге же клиникаңызга кайрылыңыз, өз алдынча дарыланбаңыз” деп эскертет.

Буга чейин маймыл чечек оорусунан улам АКШнын эки штатына өзгөчө кырдаал киргизилгени маалымдалган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>