Асанбаев менен Казакпаевдин өлүмү: Комиссия ишин аяктады

Асанбаев менен Казакпаевдин өлүмү: Комиссия ишин аяктады

УКМКнын тергөө абагында каза болгон «Айыл банктын» төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев менен саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмүнүн себептерин иликтеген комиссия ишин аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, комиссия бул эки өлүмгө жагдайлардын трагедиялуу айкалышы алып келди деген алдын ала тыянакка келген.

Билдирүүдө комиссия мүчөлөрүнө УКМКнын тергөө абагынын имаратына кирүүгө, тергөө амалдары жүрүп жаткан камакка алынгандардын өздүк делолору, видеокөзөмөлдөөлөрдүн жазуулары менен танышууга,  ошондой эле УКМКнын кызматкерлери, тергөө абагында кармалып турган адамдар менен баарлашууга толук мүмкүнчүлүк түзүлгөнү айтылат.

Комиссия өз ишинин жүрүшүндө 12 отурум өткөрүп, анын бешөө УКМКнын тергөө абагында, жетөө өкмөт үйүндө өткөн.

«УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалыматы угулуп, Бакыт Асанбаев менен Марар Казакпаев камакта болгон учурдагы тергөө абагындагы байкоочу камералардагы жазуусу, тергөө абагынын эсеп-кысап документтери көрүлдү. Аны менен катар каза болгон адамдар менен чогу кармалгандар, тергөө абагынын кызматкерлери суралып, бул кылмыш иштерин тергеген УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүлөрү менен баарлашуу болду», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалган саясат талдоочу Марат Казакпаев 9-июнда УКМКнын тергөө абагынан ооруканага жеткирилип, эртеси күнү каза болгон.

Ал эми Бакыт Асанбаев 18-июнда түнүндө асынып турган абалда табылган. Ал апрель айынын этегинде коррупцияга шектелип кармалган.

Атайын кызматтын тергөө абагындагы эки адамдын удаа каза болушу коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынып, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кызматтан кетсин деген талаптар айтылган. Андан кийин президент аталган окуяларды иликтөө үчүн комиссия түзгөн.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>