Садыр Жапаров бүгүн Москвада Владимир Путин менен жолугушатКуткаруучулар апрелдин башында БЧКга кулап кеткен кишинин сөөгүн табыштыКыргызстан менен Кытай жогорку технологиялык өндүрүштөрдү ишке киргизүү жана инженерлерди окутуу боюнча макулдаштыКыргызстан түштүк кореялык LNC Elecom менен жогорку технологиялар жаатында кызматташатКыргызстанда эт төрт айдын ичинде орточо эсеп менен 6%га кымбаттадыЭльвира Сурабалдиева Кыргызстанга деңиз кодекси эмне үчүн керек экенин түшүндүрдү
Аба ырайы: Эртең кайсы облустарда жаан жаайт?
13.08.2022 | 12:46
Эртең, 14-августта Ысык-Көл, Ош жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаашы мүмкүн. Калган облустарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36,
Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +28…+33,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +33…+38,
Нарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +32…+34 градус болот.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом