«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылат
Мээрим Жуманазарова Түркиядагы мелдеште алтын утту
13.08.2022 | 22:00
Балбан кыз Мээрим Жуманазарова (68 кг) Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарынын финалында алтын утту.
Ал килем үстүнө бүгүн, 13-августта чыкты. Тайпалык баскычта Жуманазарова Бангладеш, Түркия жана Өзбекстандан келген балбан кыздардан күчтүү болду.
Ал эми жарым финалда ал түркмөнстандык балбанды жеңип алды.
Алтын үчүн кармашта ал казакстандык Мадина Бакбергенованы жеңди.
Алдыда грек-рим күрөшү боюнча балбандар Акжол Махмудов (77 кг) алтын, ал эми Атабек Азисбеков коло үчүн күрөшөт.
Ислам тилектештик оюндарында Кыргызстандын капчыгында, 5 алтын, 5 күмүш, 2 коло медаль бар.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт