«Тойота Мотор Казахстан» компаниясы Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетине 3 Land Cruiser Prado жол тандабасын белек кылды. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.
Аталган унаалар комитеттин иштери үчүн колдонулмакчы.
Белгилүү болгондой, 2018-жылы «Тойота Мотор Казахстан» менен Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети кызматташуу тууралуу меморандумга кол койгон. Ага ылайык «Тойота Мотор Казахстан» компаниясы 2024-жылга чейин Кыргызстандын олимпиада курамасын эл аралык мелдештерде колдоосун уланта берет.
Аталган компаниянын сатуу жана маркетинг боюнча башкы менеджери Сергей Зябловдун айтымында, алдар Улуттук олимпиада комитети менен кызматташууга ынтызар.
«Биз Улуттук олимпиада комитети менен кызматташууга кубанычтабыз. Биз үчүн спорт дене тарбия жана мелдеш эле эмес, тынымсыз кыймыл-аракет, алдыга умтулуу, алдыга коюлган максаттарга жетүү болуп саналат. Биз Кыргызстандын олимпиада спортчуларын колдоого даярбыз. Унааларды да Улуттук олимпиада комитетине ынтызарлык менен тапшырып жатабыз. Бул биздин Кыргызстандагы олимпиада кыймылына кошкон салымыбыз», — деди ал.
Унааны тапшырып берүү салтанатында аталган комитеттин президенти Садыр Мамытов Зябловго ыраазычылык билдирип, «Тойота Мотор Казахстан» менен кызматташуу ийгиликтүү жүрүп жатканын белгиледи. Аны менен бирге бул кызматташу өлкөдө олимпиада кыймылынын жайылынына жана өнүгүшүнө чоң салым кошорун айтып өттү.
Эскерте кетсек, 2018-жылы «Тойота Мотор Казахстан» Улуттук олимпиада комитетине Land Cruiser 200, Camry жана Hiace унааларын белек кылган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда