Бакыт Төрөбаев Азербайжандын президентин Кыргызстанга чакырды

Бакыт Төрөбаев Азербайжандын президентин Кыргызстанга чакырды

Министрлер rабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевди Баку шаарында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 4-жыйынына катышуу үчүн Баку шаарына жумушчу сапарынын алкагында өттү.

Тараптар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 19-20-апрелинде Азербайжанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады.

Эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн ар кыл багыттары, анын ичинде соода-экономикалык, транспорт-логистикалык, инвестициялык, соода-техникалык жана гуманитардык кызматташтыктын  келечеги боюнча пикир алышуу орун алды.

Бакыт Төрөбаев Ильхам Алиевге президент Садыр Жапаровдун саламын жана жакшы каалоолорун жеткирип, Кыргызстанга каалаган ыңгайлуу учурда мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>