Быйыл окуучулардын формасы кандай болот? Министрликтин жообу

Быйыл окуучулардын формасы кандай болот? Министрликтин жообу

Билим берүү жана илим министрлиги 1-11-класстардын окуучуларынын мектеп формасына бирдиктүү талаптар бекитилгенин маалымдап, быйыл жалпы билим берүү уюмдарында классикалык форма болорун белгиледи.

Министрликтин маалыматына караганда, өкмөттүн 2015-жылдын 12-августунда бекитилген токтомуна ылайык окуучулар мектеп бекитип берген форманы киет. Башкысы, «асты кара, үстү ачык (ак) түс» деген классикалык үлгү сакталышы керек.

“Окуучулардын мектеп формасы аба ырайына жана окуу сабактарын өткөрүүчү жерге, окуу бөлмөлөрүндөгү температуралык режимге ылайык болууга тийиш. Социалдык жактан аярлуу катмардагы ата-энелерди мектеп тарабынан белгиленген форманы алууга мажбурлоо мыйзамсыз. Алар окуучуну талап кылынган “үстү ачык, асты кара түстөгү” форма менен камсыздаса болот”, — деп айтылат маалыматта.

Бул жылы Билим берүү жана илим министрлиги башка министрликтер жана ведомстволор менен биргеликте мектеп окуучулардын бирдиктүү формасы жөнүндө чечим кабыл алат.

Буга чейин Reporter.kg борбор калаада окуучуларды мектепке даярдоого канча каражат талап кылынарын жарыялаган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>