Бишкекте баңгизат чегип алып каттамга чыккан айдоочу аныкталды   

16.08.2022 | 09:20

Бишкек шаарында кичи автобустун айдоочусу баңгизатка мас абалында каттамга чыккан. Бул тууралуу Патрулдук милиция бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Патрулдук милициянын кызматкерлери кичи автобустардын айдоочуларынын канында баңгизат бар-жогун, техникалык тейлөөдөн өткөнүн, транспорттун санитардык абалын текшеришти.

«Наркология жана техникалык тейлөө бөлүмүндө текшерүүдөн өтпөй калган айдоочулар аныкталды. №575 кичи автобустун айдоочусу баңгизатын чегип алган. Протокол түзүлүп, унаа убактылуу токтоочу жайга киргизилди», – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, терезелери караңгылатылган троллейбустар табылган. Рейддин жыйынтыгында 110 миң сом айып пул салынган.

[image_carousel source=”media: 149413,149414″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Scroll to Top