Кыргызстан Орусиядан эмне сатып алат. Орус экспорт борборунун маалыматтарыБишкек занял 54-е место по уровню загрязнения воздухаСадыр Жапаров «Борбордук Азия + Жапония» саммитине катышуу үчүн Токиого бардыОрусиянын тышкы иштер министрлигинде Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланышы талкууландыМамлекеттик өнүктүрүү банкы Туюк дарыясындагы чакан ГЭСтин курулушун каржыладыТоктоп турган унаадан идиш-аяк уурдашкан. Бишкекте 2 киши кармалды
Бишкекте кош бойлуу келин таксиде көз жарды
16.08.2022 | 10:03
Бишкек шаарында кош бойлуу келин №4 шаардык перинаталдык борборго бара жатып таксиде көз жарды. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg′ге Тез жардам борборунан тастыкташты.
Маалым болгондой, Тез жардам кызматына 15-августта саат 10:16дар чамасында чакыруу түшкөн. Анда 22 жаштагы эне төрөт үйүнө бара жатканда толгоосу келип, жолдон көз жарган.
«Бул анын экинчи төрөтү. Төрөгөн келин буга чейин каттоого туруп, үзгүлтүксүз текшерүүдөн өтүп турган. Жаңы төрөлгөн бала төрөлгөндөн кийин дароо кыйкырган. Текшерүү учурунда анын абалы канааттандырарлык экени аныкталды. Тез жардам кызматында бош бригадалар болбогондуктан, бул чакырууга реанимация бөлүмү жөнөтүлгөн ”, – деп билдиришти борбордон.
Учурда эне-баланын абалы канааттандырарлык.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом