Бишкектеги кафеден сейф уурдап кеткен эки жигит кармалды

17.08.2022 | 10:55

Бишкекте сейф уурдоого шектелип 2 жаш жигит кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой 7-августта Биринчи май райондук милициясына С.А. аттуу жаран кайрылып, белгисиз адамдар Орозбеков көчөсүндөгү кафеге кирип, ичинде 150 миң сом акча салынган сейфти уурдап кеткенин билдирген. Аны менен бирге уурулар кассадагы 5 миң 460 сом, баалуу сувенир, Xiaomi уюлдук телефонун уурдап кеткенин айткан.

Учурда келтирилген зыяндын өлчөмү такталууда. Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 20 жаштагы Ы.М. жана 19 жаштагы К.Ж.  аттуу жарандар кармалган. Кармалгандар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

[image_carousel source=”media: 149681,149680″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Scroll to Top