Ысык-Көл: Жол кырсыктан эне-бала каза болуп, жетөө жабыркады

Ысык-Көл: Жол кырсыктан эне-бала каза болуп, жетөө жабыркады

Ысык-Көлдө кырсыктан эки адам каза болуп, дагы жети адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 16-августта саат 17:00дөр чамасында Балыкчы —Ананьево —Каракол унаа жолунун 24-чакырымында 36 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү унааны айдап баратып, рулду башкара албай, даракты сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен анын 76 жаштагы апасы алган жаракаттарынан улам ошол жерде каза болуп, айдоочу Балыкчы шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Жети жүргүнчү (үч чоң адам жана төрт жашы жете элек) ооруканага жеткирилген.

Жол кайгуул кызматынын маалыматына караганда, кырсыкка ылдамдыкты жогорулатуу себеп болгон. Аталган факты Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>