БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Пенсионер аялдын сумкасын уурдап качкан адамдын видеосу
17.08.2022 | 11:41
Бишкекте улгайган аялдын сумкасын уурдоого шектелип 28 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 24-июлда саат 16:30дар чамасында 30-35 жаштагы адам пенсионердин сумкасын уурдоого аракет кылган. Аял үйгө кирип жатканда аркасынан белгисиз бирөө келип, сумкасын тартып алганга аракет көргөн. Бирок анын аракети ишке ашкан эмес.
Пенсионер жерге кулап, баш мээси чайкалып, акыреги сынган. 1951-жылы туулган В.Т. аттуу пенсионер ооруканага жеткирилген.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (“Уурдоо”) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Шектүү делген 28 жаштагы И.С. убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүү буга чейин дагы кылмыш иштерге тартылганы аныкталды.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом