Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо көбөйүүдө: жуманын ичинде 8 миң учур катталдыВиктор Козодой: «Кыргыз цивилизациясы — дүйнөнүн бешинчи дарыялык цивилизациясы»«Ала-Арча» резиденциясында ачылган мектеп менен бала бакчага кабыл алуу башталдыЭнергетика министри Кара-Кечедеги көмүр казууларды текшерди: дефицит жокКыргызстанда жаңы футбол клубу түзүлдү. Аны Өмүрбек Бабанов каржылайтБишкектин бир районунда 20-ноябрда суу убактылуу өчүрүлөт
Ажылыкка барууга кезекке тургандардын акчасы кайтарылат
18.08.2022 | 13:42
Ажылык сапарга баруу үчүн кезекке турган жарандардын акчасы кайтарылат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалым болгондой, 2019-2020-2022-жылдары ажылыкка катталып, кезек күткөн жарандар акчасын кайтарып ала алашыт. Ошол эле учурда муфтият акчасын артка алган жарандардын кезеги сакталып каларын белгилейт.
Эскерте кетсек, коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-2021-жылдары мусулмандык парзын аткарууну каалаган жарандар ажылыкка бара албай калган. Быйыл ажылыкка уруксат берилип, Сауд Арабиясы Кыргызстанга 2 миң 766 орун бөлгөн.
Ажылыктын баасы 4,5 миң доллар болору белгиленген.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом