БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Кыргызстанда кытайлык көз доктурлар акысыз операция жасашат
18.08.2022 | 14:00
Кыргызстанга Кытайдан алдыңкы дарыгер-офтальмологдордун келиши пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстандагы Кытай Эл Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушууда билдирди.
Маалыматка караганда, кытайлык дарыгерлер ушул жылдын октябрь айында «Экспресс ден соолук» долбоорунун алкагында келишет.
“Кытайлык алдыңкы дарыгер-офтальмологдор Кыргызстандын муктаж жарандарына көздүн катарактасына 550 операцияны бекер жасоого даяр”, – деди элчи.
Жолугушууда тараптар соода-экономикалык, транспорт-логистикалык тармактарга өзгөчө көңүл буруу менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом