Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Нарын: Мектепке директор болчу 76 адамдын жарымы тесттен өткөн жок
21.08.2022 | 09:48
Кечээ, 20-августта Нарын мамлекеттик университетинде Нарын облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Нарын облусу боюнча тестке катышууга 110 талапкер документ жиберген. Алардын 30унун документи жараксыз деп табылып, 4 киши тестирлөөгө келген эмес. Тестке 76 адам катышты.
Жыйынтыгында 30 талапкер босого баллдан жана андан жогору упай топтоду.
Эскерте кетсек, конкурс Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан уюштурулууда.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом