Кайсы өлкөлөрдү аял башкарат? Эң жаш аял президент аныкталды

Кайсы өлкөлөрдү аял башкарат? Эң жаш аял президент аныкталды

Косовонун президенти Вьоса Османи 2022-жылы дүйнө жүзүндө президент аялдардын ичинен эң жаш өлкө башчы болуп табылды. Reporter.kg басылмасы өлкө башкарган аялдардын тизмесин сунуштайт.

Вьоса Османи, 40 жашта (Косово)

2021-жылы Вьоса Османи Косовонун тарыхында экинчи аял президент болуп шайланган. Ал 1982-жылы 17-майда туулган. Кесиби боюнча юрист жана мугалим. 2021-жылдын 4-апрелинен тарта Косовонун президенти. Ага чейин Косово парламентинин төрагасы болуп эмгектенген. Ошондой эле, Косовнун парламентинде депутаттык мандат алган алгачкы аял болгон. Вьоса Османи Косовнун көз карандысыздыгы тууралуу жарлыктарды жарыялоо боюнча соттук процесстерде 2009-жылы БУУнун Гаагдагы эл аралык сотунда юридикалык топтун курамында болгон.

Зузана Чапутова, 48 жашта (Словакия)

Чапутова Словакиянын президенттигине болгон шайлоодо 2019-жылы утуп алган. Ал 1973-жылы 21-июнда туулган. Ал Чехословакиянын урашынан кийин көз карандысыз Словакиянын биринчи аял президенти болуп шайланган. Экинчи турда шайлоочулардын 53% добушуна ээ болуп, атаандашын жеңген.

Майя Санду, 50 жашта (Молдова)

Молдовада 2020-жылы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында өлкөнүн экс премьер-министри, Дүйнөлүк банктын мурдагы экономисти Майя Санду жеңип чыккан. Майя 2010-жылы АКШда Кембрид шаарында жайгашкан. Гарвард университетин бүтүргөн. Ал 1972-жылы 24-майда туулган.

Бидхья Деви Бхандари, 60 жашта (Непал)

Непалдык саясатчы Бидхья Деви Бхандари өзүнүн өлкөсүндө биринчи аял президент болуп калды. Ал кызматка 2015-жылы 29-октябрда шайлоодон жеңип келген. 2018-жылы аны экинчи мөөнөткө шайланган. Президенттикке чейин ал коопсуздук министри жана айлана чөйрөнү коргоо министри кызматын аркалап келген.

Цай Инвэнь, 65 жашта (Кытай Республикасы)

Цай Инвэнь Тайванды 2016-жылы 20-майда жетектеп баштаган. Ал аталган өлкөнүн биринчи аял президенти болуп калган. Ага чейин вице премьер-министр кызматын аркалаган.

Катерина Сакелларопулу, 66 жашта (Греция)

Грецияда президент катары Катерина Сакелларопулу 2020-жылы 5 жылдык мөөнөткө шайланган. Ал буга чейин өлкөнүн Жогорку сотунун төрайымы болуп келген.

Халима Якоб, 67 жашта (Сингапур)

Халима Якоб 2017-жылы күзүндө Сингапурда биринчи аял президент болгон. 4 жылдын ичинде ал Сингапурдун тарыхында парламенттин аял төрагасы катары тарыхка кирген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>