Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры 85-сезонун ачатСанариптештирүү. ЖК документтерди кагаз түрүндө кайталап берүүдөн баш тартатЖаштар арасында Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча эссе сынагы жарыяландыДүйнөлүк банк Кыргызстан менен экономикалык кызматташууну улантууга даярКыргызстанда KOICAнын колдоосу менен соода-логистикалык борбор курулатQazETA азырынча КР жарандары үчүн милдеттүү эмес — Казакстанга кирүү боюнча ТИМдин түшүндүрмөсү
Нарын: Мектепке директор болчу 76 адамдын жарымы тесттен өткөн жок
21.08.2022 | 09:48
Кечээ, 20-августта Нарын мамлекеттик университетинде Нарын облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Нарын облусу боюнча тестке катышууга 110 талапкер документ жиберген. Алардын 30унун документи жараксыз деп табылып, 4 киши тестирлөөгө келген эмес. Тестке 76 адам катышты.
Жыйынтыгында 30 талапкер босого баллдан жана андан жогору упай топтоду.
Эскерте кетсек, конкурс Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан уюштурулууда.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом