Бейшеналиев жаңы жетекчи: «Алтын балалыкта» чогулуш өткөрүлдү

Бейшеналиев жаңы жетекчи: «Алтын балалыкта» чогулуш өткөрүлдү

Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков 20-августта Чолпон-Ата шаарында «Алтын балалык» ден соолукту калыбына келтирүү борборунун жамаатына жетекчилигинин өзгөргөнүнө байланыштуу чогулуш өткөрдү.

Жаркынбек Касымбеков билдиргендей, чогулушта ал «Алтын балалык» борборунун директору Тилек Маткеримовага жана жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди.

Аталган борбор ачылгандан бери жалпы 2 миңдей бала ден соолугун чыңдап, реабилитациядан өткөргөнгө жетишкен.

Буга чейин экс-министр Алымкадыр Бейшеналиев “Алтын балалык” борборунун директору болуп дайындалганы маалымдалган. 19-августта ал Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулган.

“Алтын балалык” борбору ушул жылдын 1-июнунда ачылган. Борбордун ачылышында президент Садыр Жапаров курулуш иштерин бүтүргөн ошол кезде министр болуп турган А.Бейшеналиевге ыраазычылык айткан.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>