Кыргызстанда дагы бир бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлдүКыргызстанда жеке ишкер катары кантип катталса болот? Жол-жобосуКөчөдөн 14 жаштагы кызга кол салып, муунткан. Шектүү кармалдыМанас шаарына жаңы «Манас» стеласы орнотулдуАла-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурлар
Украинада каза болуп, жабыркаган балдардын саны 1 миңге жетти
23.08.2022 | 11:15
Украинада согуш башталгандан бери каза тапкан жана жарадар болгон балдардын саны дээрлик 1 миңге жетти. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин башчысы Кэтрин Рассел билдирди.
Ошол эле учурда бул так сан эмес. Ал БУУ ырастай алган гана маалыматтар. Каза болгон балдардын көбү жардыруучу куралдын курмандыгы болгон.
Кэтрин Расселдин айтымында, күн сайын Украинадагы согушта 5 бала каза табууда же жарадар болууда.
Ал эми Украинанын Башкы прокуратурасынын акыркы маалыматы боюнча Россия Украинага кол салгандан бери 373 бала каза болуп, 721 бала ар кандай жаракат алган.
Эскерте кетсек, быйыл 24-февралда таң эрте Россия Украинага кол салып кирген. Россия бул согуштук аракетин “атайын операция” деп атаган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом