Жапарова: Кыздарды турмушка даярдабай, билим берели

Жапарова: Кыздарды турмушка даярдабай, билим берели

Кыргызстанда кыздардын билим алуусуна шарт түзүп беришибиз керек. Бул тууралуу «Эне-балага тирек» коомдук фондунун жетекчиси Айгүл Жапарова 22-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн “Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги” экинчи улуттук форумунда билдирди.

Анын айтымында, билим берүү менен кыздардын коомдогу деңгээлин жана таасирин жогорулата алабыз.

“Биз көбүнчө кыздарды турмушка даярдайбыз, бирок биз андай кылбай, кыздарыбыздын окуусуна ошону менен бирге билим алуусуна терең көңүл бурушубуз керек”, — деди ал.

Ошондой эле, ал лидер аялдар коомго керек экенин белгилеп, “Биз – аялдар коомдогу ролубузду дагы унутпашыбыз керек”, — деп кошумчалады.

Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан келген лидер жана саясатчы аялдар, мамлекеттик кызматкерлер катышты.

Форум аялдардын коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымынын маанилүүлүгү, аялдардын лидерлигинин факторлорун кайра карап чыгуу жана Кыргызстанды өнүктүрүүнүн биргелешкен стратегиясын түзүү боюнча диалогдук аянтча катары иш алып барат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>