Ош шаарындагы Увам жана Жекелик каналдарынын кооптуу жээктери тосулатСадыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады13-мартка карата аба ырайыЖергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылат
Орусияда каза болгон жарандардын сөөгү Ошко алынып келди
23.08.2022 | 17:55
Орусиянын Ульяновск облусунда жол кырсыктан каза болгон 14 кыргызстандык жарандын сөөгү Кыргызстанга алынып келди.
ӨКМдин маалыматына караганда, “ЖҮК-200” атайын борту саат 17:25те Ош шаарындагы аэропортуна конду. Учурда кыргызстандык жарандардын сөөгүн кичи мекенине жеткирүү иш-чаралары жүрүүдө.
Буга чейин ӨКМ жарандардын сөөгү учакка жүктөлүп, Москва убактысы боюнча боюнча саат 11:10до Кыргызстанга учуп чыкканын маалымдаган.
Эскерте кетсек, 21-августта Ульяновск облусундагы жол кырсыктан 14 кыргыз жараны каза таап, үчөө ооруканага түшкөн. Буга байланыштуу Кыргызстанда 23-август Аза күтүү күнү деп жарыяланган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом