Орусиядагы жол кырсыктан Кыргызстандын 14 жараны каза болду, — ТИМ

Орусиядагы жол кырсыктан Кыргызстандын 14 жараны каза болду, — ТИМ

Россиянын Ульяновск облусунда жол кырсыктан Кыргызстандын 14 жараны каза болгонун Тышкы иштер министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка караганда, дагы үч кыргызстандык ооруканага жаткырылган.

“Окуя болгон жерге консулдук укуктук жардам көрсөтүү максатында КРнын Россиядагы элчилигинин консулдук кызматкерлери жөнөп кетишти. Жогорудагы окуянын бардык жагдайларын тактоо максатында Ульяновск районунун укук коргоо жана компетенттүү органдарынын өкүлдөрү менен байланыш түзүлдү”, — деп айтылат маалыматта.

Элчилик тарабынан жогорудагы кырсыкта каза болгон жана жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандары үчүн +7 (926) 861 50 98 ишенимдүү түз байланыш номери уюштурулду.

Ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде да +996 508 628-588+7 977 947 55 80+996 551 312-000 (WhatsApp) түз байланыш номерлери ачылды.

Буга чейин Россиянын Ульяновск облусунда 21-августта саат 14:00 чамасында катталган жол кырсыктан 14 адам каза болгонун РИА Новости маалымдаган.

Маалыматка караганда, оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу каршы тилкеге ​​чыгып кетип, автобус менен кагышкан.

Ал эми социалдык тармактарда кырсыктын күбөсү үрөй учурган жол кырсыктан Кыргызстандын 18 жараны каза болгонун билдирип, окуя болгон жерден видео жарыялаган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>