Жапаров 23-августту Аза күтүү күнү деп жарыялады

Жапаров 23-августту Аза күтүү күнү деп жарыялады

Президент Садыр Жапаров Россиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынын кесепетинен мекендештердин каза болгондугуна байланыштуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызмты билдирди.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Россиянын Ульяновск облусунда болгон суук кабар баарыбызды кайгыга салып, жүрөгүбүз ооруп турат. Кырсыкты кайдан деп болбойт. Мекендештерибиз жол кырсыгына кабылганына жаныбыз кейип, баарыбыз аза кайгыга батып турабыз.

Өзгөчө кырсыкка кабылгандардын жакындары үчүн өтө оор болуп жатканын мен жан дүйнөм менен сезип турам. Мындайда көңүл айтуу да оор. Ошондой болсо да кырсыкка кабылгандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, баарыңыздардын кайгыңыздарды тең бөлүшүү менен Жараткандан мындан ары жакшылык тилеп, сабырдуу болууга чакырам.

Ыйык Кураныбызда «Аллахым сабырдууларды сүйөт» деп айтылат. Кайраттуу болуп, сабыр кылалы мекендештерим!

Кырсыкка кабылгандардын жакындарына, туугандарына тиешелүү жардам берүү жагы токтоосуз колго алынат. Бул менин жеке көзөмөлүмдө болот.

Урматтуу мекендештер, бул кырсыкты жалпы элибиздин кайгысы катары кабыл алуу менен 23-августту Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы Аза күтүү күнү деп жарыялайм”.

Россиянын Ульяновск облусунда үрөй учурган жол кырсыктан 16 адам каза болду. Аларды 14ү Кыргызстандын жарандары. Каза болгон мекендештердин аты-жөнү такталды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>