Кечээ, 23-августта Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 5 жашар бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой Сай айылында Тар дарыясына 5 жаштагы Т.Э. аттуу бала түшүп кеткен. Окуя жерине 8 куткаруучу тартылган.
Издөө иштеринин натыйжасында баланын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда