Улуттук банк 19 тонна алтындын кайда сатылганын айтып берди

Улуттук банк 19 тонна алтындын кайда сатылганын айтып берди

Улуттук банкы коомчулукта кызуу талкууланып жаткан 19 тонна алтындын кайда сатылганы туурасында маалыматты таратты. 

Маалыматтарга караганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык,  Министрлер кабинети жана Улуттук банк Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн баалуу металлдарды сатып алуу боюнча өзгөчө укуктарга ээ. Ушуга байланыштуу, Улуттук банк алтын-валюта резервдеринин ликвиддүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздоо принциптерин сактоо менен туруктуу негизде Кыргызстанда өндүрүлгөн алтынды улуттук валютага сатып алат. 

Кыргызстанда баа жана финансылык туруктуулукту сактоого багытталган акча-кредит саясатынын максаттарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруунун алкагында Улуттук банк баалуу металлдарды андан ары жайгаштыруу жана/же сатып өткөрүү максатында аларды тышкы рынокторго жайгаштыруу боюнча стандарттуу операцияларды жүргүзөт.  

Бул операциялар Улуттук банкка өз учурунда жана ыкчам түрдө алтын-валюта резервдеринин ликвиддүү бөлүгүн толуктап турууга шарт түзөт. Тышкы рыноктордо баалуу металлдарды сатып өткөрүүдөн алынган валюталык каражаттар Улуттук банктын эсептерине түшүп, кайра акча-кредит саясатында каралган негизги милдеттерди чечүүгө багытталат.  

Улуттук статистика комитетинин 2021-жыл үчүн тышкы соода боюнча берген маалыматтарында, 1,1 млрд АКШ доллары тегерегиндеги суммага 19 тоннага жакын алтын экспорттолгондугу белгиленген. Аталган маалымат 2021-жылдын башында өткөрүлгөн  Улуттук банктын акча-кредит саясатынын алкагында чет өлкө валютасында ликвиддүүлүктү камсыз кылуу максатында Европа өлкөлөрүнүн бирине алтын жайгаштыруу боюнча операцияларын чагылдырат.  

Тышкы рыноктордо алтынды сатып өткөрүүдөн алынган валюталык каражаттар Улуттук банктын эсебине түшкөн. Мындан ары аталган каражаттар 2021-жыл ичинде өлкөнүн ички валюта рыногунда интервенцияларды жүргүзүүгө (735 млн АКШ долларынын тегерегинде), чет өлкө валютасында өлкөнүн башка милдеттенмелерин жана тышкы карызды төлөө боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүгө (200 млн АКШ доллары тегерегинде) багытталган. Буга кошумча, эл аралык резервдердин деӊгээли 2021-жылдын аягында 169,5 млн АКШ долларына же 6,0 пайызга көбөйүп, 2 977,6 млн АКШ долларын түзгөн. 

Борбордук банктардын эл аралык тажрыйбасында алтын-валюта резервдери менен операциялар жөнүндө маалыматтар коопсуздук принциптерин сактоо зарылчылыгынан улам купуя маалыматтардын категориясына кирет. Улуттук банк жогоруда көрсөтүлгөн принципти сактоо менен эл аралык резервдерди тескөө процессин жүзөгө ашырат, демек бул операциялар тууралуу маалымат чектелген мүнөзгө ээ.  

Улуттук банк өз ишин жүзөгө ашырууда маалыматты ачык-айкын, так жана толук чагылдыруу принциптерине таянат. Улуттук банк тарабынан 2021-жылы жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалыматтар Улуттук банктын жарыяланган финансылык отчетунда чагылдырылган, ал Аудит боюнча эл аралык стандарттарына ылайык эл аралык көз карандысыз аудит тарабынан тастыкталган жана Жогорку Кеңешке сунушталган. Улуттук банктын 2021-жыл үчүн финансылык отчету Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяланган. 

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>