Жалал-Абад шаардык мэриясы 16 миллион 745 миң 622 сомдук стелла жана желек орнотууга тендер жарыялады. Бул туурасында маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.
Тендердик документацияга ылайык, ортомчу курулуш ишканасы тышкы электр менен камсыздоо жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүүсү керек.
Тапшырыкты аткарууну каалаган компаниялар 12-сентябрга чейин документтерин тапшырса болот, ишти бүтүрүү мөөнөтү 3 ай.
Телеграм каналыбызга катталып, башка жаңылыктарды табыңыз