Кытайда ысык рекорддук чекке жетти. Азык-түлүк коркунучу жаралууда

Кытайда ысык рекорддук чекке жетти. Азык-түлүк коркунучу жаралууда

Акыркы 60 жылдагы аябай ысык толкун Кытайдын жарымын каптап, ал тургай, адаттан тыш ысык Тибет платосуна чейин жайылды.

Дүйнөнүн экинчи ири экономикасы 40°Cден жогору температуранын жана кургакчылыктын эң узак мезгилине туш болууда. Кытайдын түштүгүндөгү айрым аймактарда эки жарым айдан ашык жамгыр жаабай калды. Кээ бир жерлерде бийликтегилер жамгыр жаадырыш үчүн күмүш йодид таякчаларын колдонуп, булуттарды айдашты.

Айрыкча дүйнөдөгү үчүнчү чоң дарыя Янцзы жайгашкан Сычуань провинциясы катуу жабыркаган. Быйыл жайында андагы суунун деңгээли рекорддук деңгээлге жетип, дарыянын бүтүндөй бөлүктөрү толугу менен соолуп калган. Адатта, Янцзы 400 миллиондон ашык кытайды таза суу менен камсыздайт. Андагы жана анын куймаларында жайгашкан ГЭСтер аймактагы электр энергиясынын 80%ын өндүрөт. Бирок азыр электр жарыгы жетишсиз.  Бир катар ишканалар жабылууга аргасыз болуп,  керек болсо электр энергия менен иштеген лифттерге тыюу салынууда. Кээ бир жергиликтүү тургундар унаа токтотуучу жайларда жана метро станцияларында түнөгөнгө аргасыз, анткени ал жерде үйгө караганда салкыныраак.

Күзгү оруп-жыюу да коркунучта болду. Күрүч, буудай жана жүгөрү эгиндери куурап калды. Дыйкандарга жардам берүү үчүн өкмөт 10 миллиард юань бөлгөн. Бул болжол менен 1,5 миллиард, бирок түшүмдүн аздыгы азык-түлүк тартыштыгына коркунуч жаратууда.

Ал эми Чунцин шаарына жакын жердеги тоолордо абанын температурасынын жогорулашынан токой өрттөрү чыккан. Жергиликтүү бийлик 5 миңге жакын куткаруучуларды жана өрт өчүрүүчүлөрдү мобилизациялады, ыктыярчылар да өрттү өчүрүүгө жардам берүүдө. Аймакка жети атайын тик учак жөнөтүлдү. Бир жарым миңден ашуун жергиликтүү тургун эвакуацияланган.

Телеграм каналыбызга катталып, башка жаңылыктарды табыңыз
Тэги: Кытай ысык

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>