Таласта чекисттерге үй курулат

02.09.2022 | 15:59

Таласта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине көп кабаттуу турак үй курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат.

Турак үйдү салууга 91 млн 377,7 миң сом коротуу пландалууда. Тендер 1-сентябрда жарыяланып, арыздар 30-сентябрга чейин кабыл алынат.

Тендерди жеңип чыккан компания турак үйдү 2023-жылдын июнь айында бүткөрүшү керек.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Scroll to Top