Бишкекте чет элдик жарандын акчасын уурдаган шектүүнүн видеосу

Бишкекте чет элдик жарандын акчасын уурдаган шектүүнүн видеосу

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Ош базарында уурулук менен алектенген жаранды кармашты.  Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын декабрында чөнтөк уурулар чет өлкөлүк жарандын ири суммадагы акча каражатын уурдап кетишкен.  Чет өлкөлүк жаран ички иштер органдарына кайрылып, 2020-жылдын 26-декабрь күнү саат 06:40 чамасында Бишкектеги Ош базарынан белгисиз адамдар сумканын ичинен 100000 сомду, 500 АКШ долларын, 200 еврону жана 120000 теңгени уурдап кетишкенин билдирген. Аталган факт Ленин РИИБдин милициясына катталып, тергөө жүргүзүлө баштаган.

Милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда видео көзөмөлдөн сыя түстөгү курткачан шектүү адамды байкашкан. Шектүү жарандын өздүгүн аныктоо боюнча тиешелүү чаралар дагы көрүлгөн. Кийинчерээк, бул кылмыш иши менен ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын чет өлкөлүктөрдүн иштери боюнча бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери алектене башташкан.

Видеодо чөнтөк уурулар базарда кезектеги жабырлануучуларды таап, уурулук үчүн ыңгайлуу убакытты күтүп турушканын көрүүгө болот. Бул кылмыш ишинин бетин ачуу үчүн ыкчам кызматкерлер мурда ушундай кылмыш иши үчүн соттолгондорду текшеришкен.

Тыкыр иликтөөдөн соң шектүүлөр аныкталган. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгын ыкчам кызматкерлери тарабынан  жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Нарын облусунун тургуну К.М. кармалды. Ал мурда бир нече жолу соттолгон.

Жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар дагы бир жаранды кармоо боюнча чаралар көрүлүп жатат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: уурулук

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>