Ташиев Чүй проспектисин тарыткан Old Bishkek’тин курулуштарын алып салууну тапшырдыУКМК чет элдик адам шпионаж жасоого айыпталып соттолгонун билдирдиКыргызстанда суу менен камсыздоо тармагына инвестиция эки эсе өстүБаткендин Зардалы айылына алып барчу унаа жол жакында ачылатЧукул кабар! Унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөтМоскванын мэри мигранттарды сындагандарга «колуңарга шыпыргы алгыла» деди: оор жумушта иштегендер жетишсиз болууда
Дүйнө чемпионаты: Жуманазарова 1/8 финалда жеңилди – видео
14.09.2022 | 16:15
Балбан кыз Мээрим Жуманазарова (68 кг) Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатындагы биринчи беттешинде жеңилүү ызасын тартты.
Жуманазарова килем үстүнө бүгүн, 14-сентябрда чыгып, таймашты 1/8 финалдан баштады. Анда ал канадалык балбан менен күч сынашып, атаандашына 5:6 эсебинде утулду.
Белгилей кетсек, Жуманазарованы уткан балбан кыз финалга өтсө, ал көңүл жубатуучу беттешке чыгат. Аталган беттеште жеңген спортчу коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт