Чек ара чыры: Ок атышуу болгон тилкеден өрт чыкты

Чек ара чыры: Ок атышуу болгон тилкеден өрт чыкты

Баткен облусунун Булак-Башы тилкесинде өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы 14-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Кык жайлоосунда Булак-Башы тилкесинде куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 13:50дө Баткен шаардык №26 бөлүмүнөн 10 куткаруучу тартылган.

Буга чейин Чек ара кызматы 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы Булак-Башы тилкесинде ок атышуу болгонун, анын кесепетинен Кыргызстандык эки жоокер жарадар болгонун билдирген.

Андан соң саат 14:00 чамасында Как-Сай жергесиндеги кайрадан ок атышуу болуп, ал токтогон. Ал эми саат 15:08ге карата кыргыз-тажик чек арасынын Баткен районунун Паскы-Арык тилкесинде кайрадан ок атышуу башталганын Чек ара кызматы билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: өрт чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>