«Дөөлөт курулуш» ишканасынын эки объектиси Курулуш министрлигине өттүСоцтармактарда мурдагы спикерди «саткын» деп атаган жаран кармалдыСуусамырда 59 жаштагы жаранды малы менен кошо кар көчкү басып калдыНовопавловкада жеке үйдүн короосундагы иттерди атып кетишкен. Бул боюнча милиция түшүндүрмө бердиСадыр Жапаров мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулунун кызматтан кетиши боюнча комментарий берди«Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы достуктан жогору турат». Президент Камчыбек Ташиевди эмнеге кызматтан алганын түшүндүрдү
Ак үй алдында митинг өтүүдө
16.09.2022 | 16:35
Бүгүн, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууга байланыштуу Жогорку Кеңештин имаратынын алдында митинг өтүүдө.
Акцияга келгендер чек арадагы маселени чечүүнү, чыр чыккан аймакка кошумча күчтөрдү жөнөтүүнү, жай тургундардын коопсуздугун камсыз кылып берүүнү талап кылышты. Андан тышкары алар Баткендин облусунун жашоочуларына жардам чогултуу маселесин көтөрдү.
Айрымдар атайын унаа уюштуруп Баткенге барууну сунуштады.
Чек арадагы кырдаалга байланыштуу парламент кезексиз жыйынга чогулду. Аны алдында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган бир нече депутат митингге келгендер менен жолугушту.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом