Батыштын санкциялары Кыргызстанга жана Борбор Азияга кандай таасир этүүдөБишкекте үй жаныбарларын кармоонун жаңы эрежелери даярдалуудаӨкмөт башчы орусиялык кинорежиссёр Никита Михалковго «Достук» орденин тапшырдыБишкекте ээси жок жаныбарлар үчүн муниципалдык башпаанек ачылышы мүмкүнАКШ президенти өзөктүк куралды сыноону баштоо тапшырмасын бергенин билдирдиОш шаарында аталышы кыргызча жазылбаган кафе-дүкөндөрдүн жазуулары алынууда
Өкүлчүлүк: Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу токтой элек
16.09.2022 | 20:41
Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу токтой элек. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы абал тууралуу түз эфирде маалымат берип жатып билдирди.
Анын айтымында, Баткен районунун Самаркандек жана Ак-Сай айыл өкмөттөрүндө кырдаал дагы деле курч.
“Саат 16:00дөн тарта ок атууну токтотуу тууралуу макулдашууларга карабай, тажик тараптан Миң-Булак, Миң-Өрүк айылдарына ок атуу болууда. Жай тургундардын турак үйлөрү өрттөнүүдө. Лейлек районунун ылдыйкы зонасында ок атуулар токтой элек. Акыркы маалыматтар боюнча ал жакта кагылышуулар болууда. Ал жердеги жашоочулардын баары көчүрүлүп кеткен, аскер кызматкерлери эле калган”, – деди ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом