Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Бүгүн Next TV каналынын директоруна сот өкүмү чыгары күтүлүүдө
21.09.2022 | 09:42
Бүгүн, 21-сентябрда Биринчи май сотунда Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин соту болот. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.
Соттук жыйын саат 11:00гө белгиленген. Бүгүнкү отурумда Дүйшөмбиевге сот өкүмү чыгары күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, 5-сентябрда өткөн соттук процессте прокурор айыпталуучуну 7 жылга эркинен ажыратууну суранган.
Next TV телеканалынын директоруна «улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча иш ачылган.
Аталган иштин козголушуна Next TV каналынын социалдык тармактарында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысынын «Украина менен болгон согушта Кыргызстан Россияга жардам берет» деген билдирүүсүн жарыяланганы себеп болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом