Баткен: Жабыркаган жарандардын документтери бекер жасалат

Баткен: Жабыркаган жарандардын документтери бекер жасалат

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда жоголгон же жок кылынган документтер бекер калыбына келтирилет. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын калкты тейлөө борборунун жана Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорундагы бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ичинен мобилдик топтор түзүлдү. Алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда документтештирилиши керек болгон жарандардын тизмесин түзүшөт.

“Мобилдик калкты тейлөө борборлору тиешелүү күбөлүктөрдү берүү менен аттестациялоо кызматтарын көрсөтүү жана жарандык абалдын актыларын даярдоо үчүн керектүү техникалык жабдуулар менен жабдылган. Мындан тышкары, Бишкек жана Ош шаарларынын саламаттыкты сактоо уюмдарына кабыл алынган жарандардын документтерин калыбына келтирүү иштери башталды», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 19-22-сентябрдан тарта Лейлек районунун Кулунду айылынан жана Баткен районунун Самаркандек айылынан башка бардык калкты тейлөө борборлору жана калкты каттоо бөлүмүнүн аймактар ​​аралык бөлүмдөрү штаттык режимде иштей баштаганын билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>