Баткен облусун калыбына келтирүүгө 210 млн сом багытталат

Баткен облусун калыбына келтирүүгө 210 млн сом багытталат

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети министрлер кабинетинин 310 миллион сомго чыгымдоосун макулдашты. Каражаттын басымдуу бөлүгү Баткен облусун калыбына келтирүүгө жумшалат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Анын айтымында, облусту калыбына келтирүүгө 210 млн сом каралса, дагы 57 млн сом аймактагы маданият мекемелерин кармоого каралган.

“Буга чейин Баткендеги китепканалар жана клубдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып келген”, — дейт Дастан Бекешев.

Мындан тышкары, Түндүк системасын кармоого 31,6 миллион сом, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына карата иш-чараларды уюштурууга 19,5 миллион сом багытталат.

“Эстеликке (12 миллион) жана 15 томдук эмгекти 500 нускада (7,5 миллион) басып чыгарууга акча бөлүнгөн. Маданиятты колдоо керек деп эсептейм, бирок чыгымдар өз убагында эмес. Бирэки айга жылдырса болмок”, — деп эсептейт депутат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>